Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Беларус Орусия менен сооданы АКШ доллары жана евро менен жүргүзөт


Беларустун президенти Александр Лукашенко өкмөткө Орусия менен сооданы АКШ доллары жана евро менен жүргүзүү буйругун берди.

Лукашенко кабинеттин бүгүнкү жыйынында Москва андай талап тууралуу кабардар болгонун айтты.

Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Евразия экономикалык биримдиги ишке киришерине саналуу күн калган кезде орус валютасынын наркы кескин арзандап кетти.

Минск менен Москванын мамилелери ноябрь айында Орусия Беларустан сүт азыктарын жана этти импорттоого тыюу салгандан кийин начарлап кеткен. Россельхознадзор мекемеси ал продукцияда кооптуу микробдор табылганын ырастаса, беларус бийлиги аны четке кагууда.

Минск Москванын артынан Европа биримдигинде өндүрүлгөн азык-түлүккө тыюу салуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG