Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Урмат Аманбаева кайрадан ооруканага жатып калды


Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын дагы ооруканага жатып калганын “Азаттыкка” анын адвокаты Нургазы Сыдыков билдирди.

Адвокаттын айтымында, депутаттын ден соолугу стресстен улам начарлап кеткен. “Дарыгерлер анын абалын “оор” деп баалап жатышат. Ал жакында эле операция болгон. Анын саламаттыгы кылмыш иши козголгондон кийин, стресстен начарлап кетти”, - дейт жактоочу.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаевага Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунунда бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG