Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Өкмөт: жүздөй салыкчы кызматтан алынат


Салык кызматынын 120дай кызматкери автоматташтырууга байланыштуу жумуштан алынат. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, автоматташтыруу системасынын ишке киргенине байланыштуу 5 миңдей салык төлөөчү электрондук түрдө отчет тапшыра алат.

- Электрондук отчетту киргизүү менен биз текшерүүчү менен салык төлөөчүнүн түзмө-түз катташын үзүп жатабыз. Мындан сырткары чакан жана орто ишканалардын отчетун ушундай жол менен которуу боюнча мыйзам долбоорду парламентке жөнөттүк, - деди премьер-министр. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргыз өкмөтү Салык кызматын реформалап, коррупциядан арылтууну көздөп жатат. Аталган кызмат коррупциялык аракеттер көп байкалган, майлуу деп саналган органдардын бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG