Жанкечтилер 18-декабрь күнү Йемендеги Кызыл деңиз боюнда жайгашкан Ходейда порт шаарында эки унааны жардырып, жети адамдын өмүрүн кыйды. Биринчи бомба аймакты ээлеп алган шиит козголоңчуларынын штаб-квартирасына жакын жерде жарылды. Экинчи жарылуу Ходейда университетинин жанында болду. Окуяга жоопкерчиликти “Ал-Каидага” байланышы бар топ өзүнө алганы айтылууда. Йемен өлкөсүндө сентябрь айында шиит козголоңчулары Сана шаарына чабуул койгондон бери кырдаал курчуган. (SE)