Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

“Коопсуз шаар” долбоору эки жылдын ичинде ишке кирет


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерге бешкомпания катышууда.

Бүгүн Социал-демократтар фракциясы “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылуусу жөнүндө маселени талкуулап жатат. Депутаттар айып пулду төлөтүүнүн конкреттүү жолдорун иштеп чыгууну сунушташууда. Фракция мүчөсү Токтогул Туманов ИИМдин жол эрежесин бузгандарга айып пул төлөө боюнча актыны “Кыргызпочтасы” аркылуу жөнөтүү демилгеси толук ишке ашпай калышы ыктымалдыгын белгиледи. “Көптөр жок эле даректи берип коюшу мүмкүн. Ал эми акты ага жетпей кала берет. Долбоор иштеши үчүн айып пул төлөөнүн конкреттүү механизмдери иштелип чыгышы керек”, - деди Туманов.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер август айында жарыяланган. Долбоор Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видео көзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да коюлат. Эки жылдан бери ишке ашпай келаткан долбоорго болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG