Пакистандын абактарында отурган 23 террорчу чукул күндөрү соттолору расмий кабарланды. 16-декабрда Пешавардагы мектепке Пакистан талиптери жасаган чабуулдан 132 окуучу жана тогуз адам өлгөндөн кийин Пакистан өкмөтү өлүм жазасына тартуу боюнча алты жылдык мораторийди токтоткон жана абакта отурган 17 террорчунун мунапыс сураган арызын канааттандырган эмес.
Пакистан армиясынын штабынын акими, генерал Рахил Шариф террорчулук кылды деп соттолгон алты жоокерди атууга уруксат берди. Алардын ичинде 2009-жылы Шри-Ланканын крикет боюнча улуттук командасына жана Равалпинди шаарындагы аскердик штабга кол салууга тиешеси бар деп соттолгон мурдагы аскерий врач Мухаммед Акил же доктор Усман да бар. Пакистан медиасынын аты аталбаган расмий булакка таянып билдиришинче, доктор Усман 24 сааттын ичинде дарга асылат.