Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Стамбул соту Фетхуллах Гүленди камоону чечти


Фетхуллах Гүлен.
Фетхуллах Гүлен.

Түркиянын мамлекеттик TRT телеканалынын 19-декабрда маалымдашынча, 1999-жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган диний ишмер Фетхуллах Гүлен “негизги террордук уюмдун жетекчиси" деп айыпталууда.

Президент Режеп Тайип Эрдоган кеңири белгилүү “Хизмет” мусулман группасынын негиздөөчүсүн элдешкис душманы санайт. Эрдоган Гүлендин полиция жана сот системасындагы үммөттөрүн былтыр ал башында турган өкмөттү коррупцияга аралашкан деген айыптоолордун артында турат деп күнөөлөгөн. Диниятчы болсо андай ишке аралашпаганын билдирген.

Стамбул соту жакында “Заман” гезити жана “Саманйолу” телеканалына полиция жасаган рейд учурунда кармалган төрт адамды камакка алынсын деп да тапты. Алар медиагруппанын башчысы, Стамбул полициясынын антитеррордук департаментинин мурдагы акими жана полициянын эки мартабалуу жетекчиси.

XS
SM
MD
LG