Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Күч түзүмдөрүнүн арасында спорттук мелдеш өтүүдө


Бишкекте күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында кармаш уруш боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады. Спорттук иш-чара Жаза аткаруу кызматынын "Омега" атайын отрядынын түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына карата уюштурулган.

Таймашка он бир команда катышып, тогуз салмак ченинде күч сынашат. Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы балдар өспүмдөрдүн спорттук мектебинде өтүп жатат. Беттештер 21-декабрга чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG