Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Баткен: аткезчилик менен ташылып келе жаткан буйволдун эти кармалды


Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан аткезчилик жол менен ташылып келе аткан эки тонна буйвол эти кармалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан маалымдашты.

Кармалган этти Ош аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору текшерип, коркунучтуу бактериялар бар экенин аныктаган. Ал санитардык талаптар сакталбаган учурда пайда болорун адистер айтышууда. Аталган продукция баасы 640 миң сомду түзөт.

Учурда аталган кызмат кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканын кабарлашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG