Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Памирлик кыргыздарга жардам жөнөтүп туруу талкууланат


Памирдеги кыргыздар.
Памирдеги кыргыздар.

22-декабрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигиндеги Коомдук кеңештин VI отуруму өтөт. Анда 2014-жылы Ооганстандын Кичи жана Чоң Памириндеги кыргыздарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдардын жыйынтыгы талкууланат.

Жыйынга БУУ, Кызыл жарым ай сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы чакырылат. Ооганстандык этникалык кыргыздарга дайыма гуманитардык жардам жөнөтүп туруу маселеси каралат. Жакында эле өкмөттүк экспедиция Ооган Памириндеги кыргыздарга жолугуп келген.

Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде отурукташкан кыргыздардын болжолдуу саны эки миңдей киши экени айтылып келет. Бирок айрым маалыматтар боюнча, памирлик кыргыздардын саны кескин азаюуда, азыр жети жүздүн тегерегинде гана. Себеби климаттык шарты катаал, жашоо деңгээли төмөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG