Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

“Аруулук” аттуу мода көргөзмөсү өтөт


Кыргызстанда мусулман айымдардын ар кандай маданий, спорттук иш-чаралары өтүп келет. 5-ноябрь, 2013.
Кыргызстанда мусулман айымдардын ар кандай маданий, спорттук иш-чаралары өтүп келет. 5-ноябрь, 2013.

23-декабрда Бишкекте мусулман айымдарына арналган "Аруулук" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Көргөзмөнүн демилгечиси Айжан Акылбекованын айтымында, аталган кийимдер кыргыздын улуттук колоритин сактап, заманбап стилде, исламдын негиздерине төп келип тигилген.

Айжан Акылбекова бир нече кыргыз тасмаларында ойногон актриса катары таанымал. Акыркы жылдары чыгармачылыктан четтеп, мусулман аялдардын мода көргөзмөсүн өткөрүп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG