Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Улуттук банк 19 миллион долларды интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн валюта базарына өткөн жума аягында 19 миллион доллар интервенциялады. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсу түшүп кетет деп чочулоого негиз жок деп ишендирүүдө. Учурда валюта базарында АКШ доллары 59 сомдун тегерегинде, орус рубли 95 тыйынды түзүп жатат.

Жыл башынан бери Улуттук банк 450 миллион доллар интервенциялады.

Учурда Кыргызстандын акча-алтын корунун көлөмү 2 миллиард 20 миллион долларды түзөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG