Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Улуттук банк: долларга эч кандай чектөө киргизилген жок


Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, банктардан бир адамга 500 доллардан ашык акча сатпайт деген маалымат чындыкка коошпойт. Буга чейин айрым маалымат каражаттары банктардын доллар сатуусуна чектөө киргенин жазып чыгышкан.

Абдыгулов кошумчалагандай, Улуттук банк коммерциялык банктарга насыя берүүдө да эч кандай чектөө киргизген эмес.

Улуттук банк өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн валюта базарына өткөн жума аягында 19 миллион доллар интервенциялаган. Учурда валюта базарында АКШ доллары 59 сомдун тегерегинде, орус рубли 95 тыйынды түзүп жатат. Жыл башынан берки интервенция көлөмү 450 млн. долларга жетти. Учурда Кыргызстандын акча-алтын корунун көлөмү 2 миллиард 20 миллион долларды түзөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG