Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Пакистанда жакынкы жумаларда 500гө чукул адам дарга асылат


Пакистандагы түрмөлөрдүн бири.
Пакистандагы түрмөлөрдүн бири.

Терроризм ишмердүүлүгү үчүн айыпталып, өлүм жазасы өкүмү чыккан беш жүзгө чукул адамды дарга асуу жакынкы жумаларда аткарыла баштайт.

Бул тууралуу жекшемби күнү кечинде Пакистандын ички иштер министри Чоудри Нисар Али Хан билдирди. Анын айтымында, келерки эки жумада дарга асуу башталышы мүмкүн.

Күнөөлүүлөрдү кечирүү суранычы президент тарабынан четке кагылган.

Премьер-министр Наваз Шариф буга чейин өлүм жазасына коюлган мораторийди мектепке болгон чабуулдан соң алдырып салган.

16-декабрда Пешавардагы мектепке болгон террористтик чабуулдан 132 окуучу каза болгон.

Мораторий алынгандан бери алты адам дарга асылган.

XS
SM
MD
LG