Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Назарбаев Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого үндөдү


Киев. 22-декабрь. 2014-жыл.
Киев. 22-декабрь. 2014-жыл.

Петро Порошенко менен Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусунда Казакстан жана Украинанын ортосундагы аскерий техникалар, көмүр боюнча келишимдерге кол коюлду.

Жолугушууда Назарбаев Украина Казакстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөш бойдон кала берет деп билдирди. Ал соңку жылда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 30 пайыздай түшүп кеткенин, бирок кайра мурдагы көрсөткүчтөргө келүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Назарбаев Украинанын чыгышындагы окуяларга байланыштуу сүйлөп жатып, Порошенкону катаал шартта парламенттик шайлоо өткөргөнү, өкмөттү тандап алганы үчүн куттуктады.

Интерфакс агенттигинин маалымдашынча, Нурсултан Назарбаев президент Порошенко менен болгон кездешүүдөн кийин Украина жана Орусияны өз ара мунаса таап, Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого үндөгөн.

21-декабрда Киевге расмий иш сапары менен Беларус президенти Алаксандр Лукашенко да барган. Ал Украин лидерине кайрылып “Беларустан бир нерсе керек болсо, айткыла. Биз сураганыңардын баарын бир суткада жасайбыз”, - деген.

Байкоочулар бул визиттерди постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин Кремлдин агрессивдүү саясатынан оолактоо аракети катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG