Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Кудрин: Орусияны алдыда ири кризис күтүүдө


Орусиянын мурдагы финансы министри Алексей Кудриндин айтымында, учурдагы кризис 2015-жылы да уланып, анын кесепети калкка сезилмекчи.

Учурда “Жарандык демилгелер” комитетинин изилдөө борборун жетектеген Алексей Кудрин 2015-жылы Орусияда эң жакшы болду дегенде ички дүң жыйым эки пайыз төмөндөрүн билдирди. Бул дүйнөлүк базарда мунайдын баасы баррелине 80 долларга чейин көтөрүлүшүн эсепке алгандагы жыйынтык. Эгер мунайдын баасы учурдагыдай бир баррел үчүн 60 долларды түзсө, анда Орусиянын ички дүң жыйымы төрт пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн.

- Биз азыр накта экономикалык кризиске кирип жатабыз. Кийинки жылы анын күчүн толугу менен сезебиз, - деп билдирди Кудрин.

Быйыл Украина чыгышындагы абалга карата киргизилген санкциялардан жана дүйнөлүк базардагы мунайдын арзандашынан улам Орусия оор экономикалык акыбалга туш болду. Учурда бул өлкөдө улуттук валюта рублдин куну качып, каржы базарында туруксуздук өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG