Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Атамбаев: Орус рублинин арзандашы Кыргызстанда тынчсыздануу жаратты


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Россия 24” каналына маегинде билдирди. Анда президент Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу тууралуу сүйлөп жатып, бул жараянды кооптонуу менен кабыл алган жарандар бар экенин билдирди:

- Чынын айтсам, жөнөкөй жарандар арасында бул жараянды үмүт эле эмес, кооптонуу менен күтүп жатышат. Айрыкча биздин коңшулардагы акыркы окуялардан, орус рублинин олку-солку абалга тушугушунан улам кооптонуу болду. Муну ачык айтып коюу керек. Бирок мунун баарын биз билебиз, эсептеп, даярданып жатабыз, - деди Атамбаев.

Бирок Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү менен туура жолдо баратканына ишенимин билдирди.

Бүгүн Москвада Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлат. (BkA)

XS
SM
MD
LG