Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Кыргыз мигранттын сөөгү Москвада кармалууда


Бул тууралуу “Москва KG" гезитинин редактору Жылдыз Осмонова билдирди. Анын айтымында, Ак-Талаада туулган Кубанычбек Мамбетакунов мындан төрт-беш күн мурда Москвада жаңы жылдык кечеде ууланып өлгөн. Маркумдун каралашар тууганы жок болгондуктан анын сөөгү ушу күнгө чейин мекенине жөнөтүлбөй, Москвада кармалып турат.

Маалыматка ылайык, маркум Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Анын эки кыз, бир уулу Нарында ата-энесинин колунда калган.

Москвадагы кыргыздар сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө каражат топтоп жатканын билдиришти. (UEz)

XS
SM
MD
LG