Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Нарындыктар электр баасы арзандатылбаса мөөнөтсүз акцияларга чыгышат


Нааразы болгондор энергетика министри менен жолугууда. Нарын. 24-декабрь.
Нааразы болгондор энергетика министри менен жолугууда. Нарын. 24-декабрь.

Электр баасын арзандатууну талап кылган 300дөн ашык Нарын шаарынын жашоочулары бийликке 15-январга чейин мөөнөт беришти. Алардын талабы боюнча бийлик электр баасын мурунку калыбында калтырып, чектөөлөрдү алып салышы керек, болбосо мөөнөтсүз акциялар уланат.

Бүгүн, электрдин кымбатташына нааразы эл Нарын облустук драма театрынын алдына митингге чыгышкан. Нааразы элге энергетика министри Кубанычбек Турдубаев, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов өлкөдөгү энергетикалык кризисти түшүндүрүүгө аракет кылганы менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандарга 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Митингге чыккандар суукка байланыштуу электр энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатышканын жана кымбат баада төлөөгө шарты жок экенин айтууда. Нарындыктар ушул эле талаптар менен 17-декабрда митингге чыгып, маселени чечүү үчүн бийликке бир жума мөөнөт беришкен болчу. (UEz/MiK)

XS
SM
MD
LG