Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

"Кыргыз чоролорунун" үч мүчөсүнө кылмыш иши козголду


"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин үч мүчөсүнө “тоноочулук” боюнча кылмыш иши козголуп, учурда алар сурак берүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, аталган коомдун мүчөлөрү кытай жарандарына таандык "Таатан" соода борборунун жанындагы караоке клубун текшерген учурда ал жактагы кыздардын телефон сыяктуу баалуу буюмдары жоголгон. Эс алуучулар бул тууралуу милицияга арыз менен кайрылган.

Бүгүн социалдык тармактарга "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси аталган клубду текшерүүгө алган видеосун жарыя кылган. Алар текшерүү учурунда сойкулук менен алектенген 22 кыз жана 20дан ашык көңүл ачуу үчүн келген кытай жарандары кармалганын билдирген. Булардын аракети социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Бул аракетти ички иштер министри Мелис Турганбаев мыйзамсыз экенин белгилеген. (TSh/UEz)

XS
SM
MD
LG