Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Сариева: Студенттердин окуу жайга кабыл алынышы иликтенет


Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллы белгиленген чекке жетпеген абитуриенттердин окуу жайга кабыл алынышын иликтейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, министрликте бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды. Ага коомдук уюм өкүлдөрү, журналисттер мүчө болду.

Комиссия 15-февралга чейин иликтөөнү бүтүрүп, министрликке маалымат бериши керек. Мындан сырткары депутаттардын окуу жайларга студенттерди кабыл алуудагы кийлигишүүсүн токтотуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда.

Буга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы депутаттардын кийлигишүүсү менен окуу жайга бир нече студентти мыйзамсыз кабыл алышын “Азаттык” иликтеген. Мына ушуга окшош кылмыш эпизоду менен башкы көзөмөл орган парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгогон болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG