Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Саламаттыкты сактоо министри Ош облусун кыдырды


Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 7-январда Ош шаарындагы жана айрым райондордогу ооруканалардын абалы менен таанышты. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Батыралиев дээрлик бардык ооруканалар санитардык талаптарга жооп бербестигине нааразы болду. Ал ошондой эле оорулууларды дарылап, кам көрүүдө медициналык эрежелер бузулуп жатканын белгилеп, буга ооруканалардын жетекчилигин айыптады.

Ал эми кургак учук менен ооруган балдардын шаардык ооруканасында болгон кезинде министр ооруканада бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Талантбек Батыралиев оорукананын карамагындагы 11 гектар жер мурунку жетекчилер тарабынан сатылып, ижарага берилип кеткенин, акыркы убакта балдар ооруканасын шаардык кургак учукка каршы оорукана менен бириктирүү боюнча мыйзамсыз аракеттер жүргөнүн айтты. Министр буга жол берилбестигин белгилеп, Саламаттыкты сактоо министрлигине таандык нерсенин баары кайтарылууга тийиштигин эскертти.

Талантбек Батыралиев ооруканалардагы мыйзамсыз иш-аракеттерге жана антисанитарияга жол берген жетекчилер алмаштырыларын да айтты.

Бир нече жыл бою Түркияда иштеген профессор Талантбек Батыралиев 2014-жылы 6-ноябрда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG