Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Лейлектеги кол салуудан жабыркагандардын аты-жөнү аныкталды


Кечээ кечки 22.50дө Лейлек районундагы Айкөл чек ара өтмөгүнө белгисиз адамдар кол салган. Андан чек ара өтмөгүнүн начальниги, ага лейтенант Т.М.Исмаилов курман болду. Анын орун басары, лейтенант Н.Р.Осмонов жана катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулу жаракат алышып, Исфана шаардык ооруканасына жеткирилди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Алдын ала маалыматтарга караганда ок сайсыз мылтыктан атылган.

Лейлек чек ара отряды күчөтүлгөн кайтаруу режимине өткөрүлдү. Лейлек районунун аймагындагы өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Учурда окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп, Баткен аскер прокуратурасы жана күч органдары окуя болгон жерде жүрүшөт.

Иш-аракеттерди координациялап турууга Башкы штабдын начальниги, чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Искендербек Мамбеталиев офицерлер тобу менен жөнөтүлдү. (МТо)

XS
SM
MD
LG