Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Адам укуктарын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 200дөй сунуш берилди


Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасын талкуулоо учурунда эл аралык коомчулуктан 196 сунуш түштү. Кыргыз тарап анын 139ун кабыл алып, 28инен баш тартты. Дагы 29 сунушту карап көрүүгө макулдук беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Гүлнара Искакова билдирди. Анын айтымында, четке кагылган сунуштар арасында сексуалдык азчылыкты колдоо тууралуу демилге да бар:

- Сексуалдык азчылыктын укугун коргогон атайын мыйзам кабыл алуу сунушталды. Бирок биздикилер баш тартты. Кыргыз өкмөтү муну Баш мыйзам ар бир жарандын статусуна, этностук жана сексуалдык өзгөчөлүгүнө карабай коргой турганы менен негиздешти, - деди Искакова.

Мындан башка кабыл алуу зарылчылыгы жок болгон дагы 20дан ашуун сунуш четке кагылды. БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасы 19-январь күнү талкууланган. (SE)

XS
SM
MD
LG