Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Украинада аза күтүү күнү жарыяланды


Украинанын президенти Петр Порошенко Мариуполдогу карапайым адамдардын өлүмүнө байланыштуу 25-январды аза күтүү күнү деп жарыялады. Буга байланыштуу буйрукка президент түндө кол койгон.

"Курман болгон жарандардын элесине саат 12:00дө Украинанын аймагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин имараттарында мамлекеттик туу түшүрүлөт", деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кечээ Мариуполдун чыгыш районунда жикчилдердин аткылоосунан каза болгондордун саны 30 адамга жеткен. 93 киши жарадар болгону айтылууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG