Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Грецияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүүдө


Грециянын премьер-министри Антонис Самарас, "Потами" партиясынын лидери Ставрос Теодоракис жана СИРИЗА коалициясынын башчысы Алексис Ципрас.
Грециянын премьер-министри Антонис Самарас, "Потами" партиясынын лидери Ставрос Теодоракис жана СИРИЗА коалициясынын башчысы Алексис Ципрас.

Грецияда өтүп жаткан мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 9 миллион 800 миң жаран 300 орундуу парламенттин депуттарын шайлайт.

Бул шайлоонун жыйынтыгы Евромейкиндик үчүн өтө маанилүү. Эгерде тыкыр үнөмдөөлөргө каршы чыккан СИРИЗА солчул күчтөрдүн коалициясы жеңишке жетсе, анда Греция Евроаймактан чыгып кетиши мүмкүн.

Коомдук пикирди сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча Алексис Ципрас жетектеген СИРИЗА таасирдүүлүгү боюнча премьер-министр Антонис Самарастын «Жаңы демократия» оңчул консервативдүү партиясынан 4% алдыда.

Цирпрас Грециянын эл аралык уюмдардан алган 318 миллиард евро карызы боюнча келишимин кайра карап чыга тургандыгын билдирген. Самарас болсо эгерде СИРИЗА жеңишке жетсе, Европаны Грецияга каршы койот деп эскерткен. Антикризистик чаралар эми гана натыйжа бере баштаганда СИРИЗА коалициясынын бийликке келиши кооптуу деп баалаган грек премьер-министри.

Грецияда парламент үч жолку добуш берүүдө президентти шайлай албай таркагандан кийин мөөнөтсүз шайлоо өтүүдө. Өлкө мыйзамы боюнча мындай учурда парламент тарап, мөөнөтсүз шайлоо белгиленет.

XS
SM
MD
LG