Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Греция: парламенттик шайлоодо солчул СИРИЗА коалициясы алдыда


СИРИЗА коалициясынын башчысы Алексис Ципрас.
СИРИЗА коалициясынын башчысы Алексис Ципрас.

Грецияда 25-январдагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Экзит-полдордун божомолу боюнча солчул күчтөрдүн СИРИЗА коалициясы 36-38% добуш менен алдыда баратат. Андан соң оңчул центристтик "Жаңы демократия" партиясы 23-27%, үчүнчү орунда "Река" партиясы - 6,4% добуш алууга жетишкен.

СИРИЗА 300 орундуу парламентте көпчүлүктү түзүүгө кеминде 151 мандатка ээ болуусу керек. 40 жаштагы Алексис Ципрас башында турган СИРИЗА жеңсе, анда Греция Евроаймактан чыгып кетиши мүмкүн.

Ципрас Грециянын эл аралык кредиторлордон алынган 318 миллиард евро карызы боюнча келишимди кайра карап чыгууну билдирген. Премьер-министр Самарас эгерде СИРИЗА жеңишке жетсе, Европаны Грецияга каршы коёрун эскертен.

"Антикризистик чаралар эми гана натыйжа бере баштаганда СИРИЗА коалициясынын бийликке келиши - кооптуу",- деп баалаган грек премьер-министри.

Грецияда парламент үч жолку добуш берүүдө президенттик шайлай албай койгондон кийин таркаган. Өлкө мыйзамы боюнча мындай учурда парламент тарап, мөөнөтсүз шайлоо белгиленет.

XS
SM
MD
LG