Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Обама: Орусияга басымды күчөтүүнүн жолдору каралууда


АКШ президенти Барак Обама Украинанын чыгышындагы акыркы окуялардан соң Орусияга басымды күчөтүүнүн жолдору каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу Обама 25-январда Делиге сапары учурунда билдирди. Анын айтымында, кырдаалдан чыгуу үчүн Кошмо штаттар бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырып, Европадагы өнөктөштөрү менен биргеликте чечим кабыл алмакчы. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери болсо кырдаалды талкулоо үчүн 29-январда чукул жыйынга чогулмай болду.

25-январда Украинанын чыгышындагы Мариуполь шаарына ракеталык чабуул жасалган. Андан 30 адам набыт кетип, 90дон ашыгы жаракат алган. Украина бийлиги бул үчүн орусиячыл жикчилерди айыптап жатат. Бирок жикчилдер айыпты четке кагууда. Украин президенти Петро Порошенко дүйнөлүк коомчулукту Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырган.

Былтыр март айында Орусия Крымды аннекциялап алган соң Евробиримдик жана АКШ бул өлкөгө карата бир катар санкцияларды киргизген. Батыш жана Украина Орусияны өлкө чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатат деп айыптап келет. Бирок Орусия мындай айыпты четке кагат.

XS
SM
MD
LG