Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Былтыр Ош аэропорту аркылуу 219 млн. доллар сыртка чыккан


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бажы кызматынын түштүк-батыш бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Тоотаев билдирди. Анын белгилешинче, 2013-жылы Ош аба майданы аркылуу 245 млн. доллар акча чыккан.

27-декабрда беткапчан жана куралчан белгисиз адамдар Ош шаардык аэропортунун VIP залынан бир кишини беш сумкасы менен кошо алып кеткен. Уурдалган адамдын колундагы беш баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө маалым болгон. Кийинчерек уурдалган акчанын суммасы 10 миллион доллардан ашуун болушу мүмкүн экени айтылган. Маалыматтарга караганда, беткапчан адамдар аэропортко акча уурдоо үчүн кирип келген маалда декларация толтурулуп жаткан жана ошол мүнөттөрдө акчанын эсеби 5 миллион 679 миң доллар болгон. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 3 миң доллардан ашкан акчага декларация толтурулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG