Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Страсбурда ПАСЕнин сессиясы ачылууда


Страсбург шаарында Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) кышкы сессиясы ачылып жатат. Сессия 30-январга чейин уланат.

Сессияда Украинадагы гуманитардык абал, Париждеги акыркы теракт жана Европадагы сөз эркиндигинин абалы сыяктуу маселелер каралаары ассамблеянын расмий сайтында кабарланды.

Сессиянын биринчи күнүндө Польшадагы Освенцим шаарындагы Аушвиц-Биркенау концлагерин бошотуунун 70 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өтөт. ПАСЕнин жыйынында аталган лагердин мурдагы туткундары сөз сүйлөйт.

Мындан сырткары Орусия делегациясынын макамы боюнча маселе каралары күтүлүүдө. Өткөн жылы Орусия Крымды аннекциялап алган соң ПАСЕ Орусияны январ айына чейин добуш берүү укугунан ажыраткан.

Страсбургга келген Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Сергей Нарышкин Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын төрайымы Анн Брассёрдин камактагы украиналык учкуч Надежда Савченко боюнча өтүнүчүнө жооп кайтарды. Анда Нарышкин Савченкону сот күнөөсүз деп тапса гана бошотуларын билдирди.

Ал ортодо ПАСЕ Надежда Савченкону Украинанын Жогорку Радасынын мүчөсү катары тааныганы кабарланууда.

Украиналык учкуч Надежда Савченко өткөн жылдан бери Орусияда камакта. Орусиянын Тергөө комитети Надежда Савченкону Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савченко жана Украина бийлиги аны жикчилдер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат.

Надежда Савченко камакта отурганына карабай «Батькивщина» партиясынын тизмесине киргизилип, Жогорку Радага депутаттыкка шайланган.

XS
SM
MD
LG