Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

ЖК комитети Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети башкы прокурордун кызмат ордуна сунуш кылынган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын талакерлигин Алмазбек Атамбаев көрсөткөн. Бул сунушту КСДП жана “Республика” фракциялары колдогон. Бүгүн Жолдубаеванын талапкерлигин “Ата-Журт” фракциясы карайт. Эл өкүлдөрүнө Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев талапкер тууралуу баяндама жасайт.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өз каалоосунун негизинде 22-январда жумуштан алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG