Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

“Манас” аэропорту менен “Эйр Кыргызстан” биригет


"Эйр Кыргызстандын" учагындагы стюардесса
"Эйр Кыргызстандын" учагындагы стюардесса

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик авиакомпаниясынын башчысы Жолдошбек Бектурганов билдирди. Анын айтымында, Кыргыз өкмөтү "Манас" аба майданындагы Транзит жүк ташуу борборунун ордуна хаб куруу максатында эки мамлекеттик ишкананы бириктирүү чечимин кабыл алган. Бул багытта аэропорт жана “Эйр Кыргызстандын” өкүлдөрү биргелешип иш алып барууда. Бул маселе эки айдын тегерегинде ишке ашып калары айтылды.

- Негизинен экөөнүн максаты бир. Бирөө жүргүнчүлөрдү ташыйт, экинчиси аларды учакка салып берет. Ушул максаттарды бириктирүү үчүн кабыл алынган чечим болууда. Хабды өнүктүрүү максатында биригип иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө, - деди Бектурганов.

23-январдагы маалымат жыйында вице-премьер-министр Валерий Диль “Манас” аэропорту сатылбай турганын, аталган масале боюнча өкмөттөн атайын кеңеш түзүлгөнүн, биргелешкен ишкана түзүүгө долбоор иштелип жатканын билдирген. Буга чейин "Манасты" иштетүүгө жети компаниядан сунуш түшкөнү, алардын арасында Орусия, Түркия, Молдова, Кытай компаниялары бар экенин айтылган.

2014-жылы “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору чыгарылган. Ал кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшчү каражаттан сырткары жылына 60 миллион доллар ижара акысын төлөп турган. Бул чыгымдын ордун толуктоо үчүн өкмөт өткөн жылы “Манас” аба майданында эл аралык жүк ташуучу хаб ачуу демилгесин көтөргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG