Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Освенцимдин бошотулушуна 70 жыл толду


Концлагердин мурдагы туткуну Игорь Малицкий Освенцимдин бошотулушунун 70 жылдыгына келди.
Концлагердин мурдагы туткуну Игорь Малицкий Освенцимдин бошотулушунун 70 жылдыгына келди.

Бүгүн Эл аралык Холокостту эскерүү күнү белгиленүүдө. 1945-жылдын 27-январында советтик аскерлер Польшадагы Освенцим концлагерин бошотушкан. Жетимиш жылдыкка арналган негизги иш-чаралар мурдагы концлагердин башкы дарбазасынын жанында өтөт. Ага Освенцимдин мурдагы 300 туткуну катышат, алардын көбү Польша жана Израилден келери маалым болду.

Освенцимге ошондой эле 42 мамлекеттин өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Алардын арасында Польша, Германия жана Израилдин лидерлери да бар. АКШ делегациясын каржы министри Жек Лью, ал эми орус делегациясын президент администрациясынын башчысы Сергей Иванов жетектейт. Освенцимдеги иш-чараларга орус президенти Владимир Путиндин катышпастагы мурда эле айтылган.

Жер бетиндеги эң чоң концлагердин бошотулушунун 70 жылдыгы Чехияда да эскерилет. Прагада жана Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехиядагы ири концлагерь катары эсептелген Терезинде бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Холокост курмандыктары эскерилет.

Освенцимда Экинчи дүйнөлүк согуш маалында бир миллиондой жөөт, миңдеген поляктар, сыгандар жана советтик туткундар жок кылынган.

XS
SM
MD
LG