Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Бишкекте Ленинград блокадачылары эскерилди


Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасынын 70 жылдыгына байланыштуу иш-чара болду. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады. Митинг реквиемге коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана калаа жетекчилиги катышты.

- Ленинград блокадасы – жалпы адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу гана эмес, адамдардын чыдамы менен эрдигине баа бере турган окуя. Баарыңыздарга ден соолук, күч-кубат жана бакыт каалайм. Ленинградчылардын эрдиги урпактардын жүрөгүндө түбөлүк сакталсын! – деди иш-чарага катышкан калаа мэри Кубанычбек Кулматов.

Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Гитлердик аскерлерге калааны жер менен жексен кылуу буйругу берилген. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон. (КE)

XS
SM
MD
LG