Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Хадижа Исмаилованын камактагы мөөнөтү узартылды


Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматынын кабарчысы Хадижа Исмаилова
Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматынын кабарчысы Хадижа Исмаилова

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Бакудагы кеңсесинин кабарчысы Хадижа Исмаилованын сотко чейинки камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечимди 27-январда Баку шаарынын Сабаил райондук соту чыгарды.

5-декабрда ушул эле соттун чечими менен Хадижа Исмаилова “адамды өмүрүн кыйганга жеткирген” деген айып менен эки айга камалган.

Исмаилованын адвокаты Элтон Гулиев козголгон кылмыш иши журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтып келет.

26-декабрда Азербайжандын Башкы прокуратурасы "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Бакудагы бюросунда тинтүү жүргүзүп, эшикти бекитип, мөөр басып кеткен.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму радионун бюросуна жасалган рейдди жана анын жабылышын “Азербайжандагы эркин медиага жана ой-пикир билдирүү эркиндигине дагы бир олуттуу сокку” деп атаган.

XS
SM
MD
LG