Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Украина орус актеру Пореченковго издөө жарыялады


Актер Михаил Пореченков
Актер Михаил Пореченков

Украинанын коопсуздук кызматы орусиялык актер Пореченковго издөө жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин сайтында кабарланды.

Октярбда Украинанын Коопсуздук кызматы Пореченковго каршы кылмыш ишин козгогон. Актер Донецк аэропортунда ок атып, террорчул ишмердүүлүккө катышкан деп шектелүүдө.

Иш козголоордон бир нече күн мурда “Новороссия ТВ” каналынын YouTube баракчасында Пореченков “пресса” деген жазуусу бар каска кийип, орусиячыл козголоңчулар көтөргөн ири калибирдүү пулеметтон аткылап жаткан видео чыккан.

Пореченков өзү согуштук операцияларга катышканын четке кагууда. Актер бул жасалма кадрлар жана дүрмөтсүз патрондор атылганын айтууда.

XS
SM
MD
LG