Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Жолдубаева: Эч кимдин буйрутмасын аткарбайм


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында талапкерлиги баш прокурорлук кызматка сунушталып жаткан Индира Жолдубаева билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Мен эч кимдин буюртмасын аткарбайм. Кандай маселе болбосун бардык адамга мыйзам улук болушу керек”, - деди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карап жатат. Депутаттардын көбү буга чейин башталган коррупцияга каршы күрөштү улантууну, кадрларды туура тандоо жана "кыргызчылык" түшүнүгүнөн алыс болууну сунуштоодо.

Эл өкүлдөрүнө президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев талапкер тууралуу баяндама жасады. Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын талакерлигин Алмазбек Атамбаев көрсөткөн. Бул сунушту бардык фракциялар жана эки тиешелүү комитет колдогон.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өз каалоосунун негизинде 22-январда жумуштан алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG