Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Жогорку Сот Жамашеванын кайнисине байланыштуу түшүндүрмө берди


Феруза Жамашева.
Феруза Жамашева.

Жогорку Соттун маалымат кызматы Ошто шылуундук менен жарандардын батирин саткан Нурсултан Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатканына төрайым Феруза Жамашеванын таасири бар деген кабарды четке какты.

Маалыматка ылайык, шылуундукка шектелген Акимбаев Жогорку Сот төрайымынын күйөөсүнүн алыс тууганы экени, бирок көп жылдан бери катышпай турганы, анын иши мыйзам чегинде гана каралары белгиленет.

- Жамашева бул тууралуу жабырлануучулардын катынан кийин гана билген. Ошондон кийин Ош облустук сот төрагасы менен байланышып, ишти мыйзам чегинде гана алып баруусун тапшырган. Ал эми тергөө иштерине кийлигишти деген маалыматтар чындыкка дал келбейт, - деди "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева.

27-январда Ош шаарында алданып, үй-жайын саттырып жиберген кишилер маалымат жыйын өткөргөн. Анда 20 жаштагы Нурсултан Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатышына Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын таасири бар экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG