Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Депутатка тийиштүү делген жайдан сойкукана табылды


Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонундагы Prado борборунда сойкукана бар экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин адам сатууга каршы күрөшүү жана нрава башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов билдирди. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган мекемеде сексуалдык кызмат көрсөткөн сауна бар экени белгилүү болду. Администратору кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул боюнча “сойкукана ачуу же бул ишти уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Айрым маалымат каражаттары Prado борбору Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Турсунтай Салимовго таандык экенин жазышты. Салимов бул маалыматты төгүндөп, өзүнө каршы жасалган саясий оюн экенин "Азаттыкка" билдирди.

- Prado борбору меники экени чын. Бирок ал төрт жылдан бери ижарага берилген. Ичинде эч кандай сойкукана жок,- деди Салимов.

ИИМ маалыматтын чын-төгүнү тергөөдөн кийин белгилүү болорун билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG