Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Зомбулуктан жабыркаган балдар үчүн 40тай борбор ачылат


Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-минстр Дамира Ниязалиева Ысык-Көл облусундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышкан учурда билдирди. Анын айтымында, жакын арада республика боюнча улуулардын зордук-зомбулугуна кабылган балдар үчүн 40тай борбор ачуу пландалууда. Ал жерде медициналык, психологиялык жана башка керек болгон жардам көрсөтүлөт. Ниязалиева өкмөт балдарга, өзгөчө зомбулукту токтотуу жана алдын алуу багытында иштерге көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бир жарым айда секелектерди зордуктаган үч факт катталганын 28-январда Жогорку Кеңеш жыйынында билдирген. Эксперттер соңку учурда мындай көрүнүштөр көбөйгөнүн белгилеп, коомчулукту кайдыгер болбой, чогуу күрөшүүгө үндөөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG