Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ооганстан: тажиядагы жардыруудан 16 адам өлдү


Жанкечтинин жардыруусунан жаракат алгандарды ооруканага жөнөтүшүүдө. 29-январь, 2015-жыл.
Жанкечтинин жардыруусунан жаракат алгандарды ооруканага жөнөтүшүүдө. 29-январь, 2015-жыл.

Кандуу окуя бүгүн өлкө чыгышындагы Лагман провинциясында болду. Губернатордун басма сөз катчысы Сархарди Зуактын айтымында, жанкечти өзүн провинция борбору - Мехтар Ламда тажияга чогулгандар арасында жардырып жиберди.

Жергиликтүүлөр бир күн мурда жол боюна көмүлгөн бомбага кабылып, каза тапкан полицейди жана дагы үч кишини акыркы сапарга узатып жатышкан эле.

Ал бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти бийликтер Талибанга жүктөгөн.

Бүгүнкү жардыруудан каза тапкан 16 адамдын төртөөсү полиция офицери. Мындан сырткары дагы он алты киши жаракат алды. Жанкечтинин чабуулу үчүн эч ким жоопкер боло элек.

Бүгүн Ооганстандыгы чыгышындагы Нангархар провинциясында мектептин жанында болгон жардыруудан бир бала каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG