Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды алты айга узартты


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата мурда киргизилген санкцияларды дагы алты айга узартты. Украинанын чыгышындагы кырдаалдын чыңалышына байланыштуу санкциялар сентябрга чейин күчүндө болот. Мурда кабыл алынган чечимдердин мөөнөтү март айында соңуна чыкмак.

Еврошаркеттин башкы дипломаттары шаршембиде Брюсселге чогулушкан. Бирок бул маселе боюнча бир пикирге келе алган эмес. Анда Грециянын өкүлдөрү Орусияга санкцияны кеңейтүүгө каршы чыккан болчу.

Еврошаркеттин Тышкы иштер боюнча башчысы Федерика Могерени 29-январь күнкү талкуунун жүрүшүндө санкцияларды узартуу боюнча чечимди кабыл алууга Грецияны кошкондо, 28 мамлекеттин өкүлдөрүнүн баары катышканын билдирди:

Евробиримдик келечекте да ар кандай чечимдерди кабыл алууга даяр экенибизди көрсөттүк”,- деди Могерени.

Европа мамлекеттери Укранидагы орусиячыл жикчилерге Москва көмөктөшүп жатканын айтып келет. Орус бийлиги муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG