Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

УКМК “Электр станцияларына” байланыштуу иш козгоду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, “Электр станциялары” ишканасынын жетектөөчү кызматкерлери бюджеттин 5 млн. 700 миң сомдон ашуун каражатын мыйзамсыз короткон деп айыпталууда. Аталган ишкана “Нарынгидроэнергокурулуштун" балансында турган каражатты Шамалдуу-Сай ГЭСиндеги лабораторияны оңдоо үчүн мыйзамсыз бөлгөн. Факт боюнча “кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген каражатты коротуу же ээлеп алуу, “тендер, аукцион өткөрүү жобосун бузуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG