Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

HRW: Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлаган


Бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында белгиленген. Анда Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктарынын абалы өткөн жылдарга караганда начарлаган.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөтү адам укуктарын коргоо боюнча негизги милдеттенмелерди аткарган жок, айрым учурда мыйзамдын бузулушуна жол берилген”, - деп жазылат баяндамада.

Аты аталган өлкөлөрдө бейөкмөт уюмдардын ишин, сөз эркиндигин чектөө боюнча мыйзамдар кабыл алынып, демилгелер чыгып жатканы, бийликке каршы пикирдеги адамдарды камоо, кыйноо фактылары уланып жатканы айтылат.

Буга чейин эл аралык Freedom House уюму өз баяндамасында Кыргызстанды “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана адам укугу боюнча координациялык кеңеш, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор иштеп жатканын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG