Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Столтенберг: НАТОну алдыда "кыйын кезең" күтөт


Йенс Столтенберг. Брюссел. 30-январь, 2015-жыл.
Йенс Столтенберг. Брюссел. 30-январь, 2015-жыл.

НАТО жетекчиси Йенс Столтенберг өтүп кеткен жыл НАТО өлкөлөрү үчүн "каардуу" болгонун белгилеп, тез аракеттенүүчү күчтөргө ким кошулары жакында маалым болот деди.

Брюсселде былтыркы жыл боюнча отчетун жарыялаган Столтенберг мындай күчтөр үчүн НАТО өлкөлөрү келерки 10 жылда мурдагыдай эле жылына өз кирешесинин эки пайызын сарптоого тийиш экендигин белгиледи.

Ал 2014-жылы Орусиянын Украинага кийлигишүүсү жана "Ислам мамлекети" өңдөнгөн экстремисттик топтордун НАТОнун чек ара аймактарындагы аракеттери европалык коопсуздукка өзгөчө коркунуч келтирген факторлор болуп калгандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG