Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Дебальцеводогу аткылашуулар үч адамдын өмүрүн алды


Дебальцево, 28-январь.
Дебальцево, 28-январь.

Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарындагы атышуудан акыркы сутка ичинде үч адам каза таап, жети киши жараат алды. Бул тууралуу Украина ИИМнин Донецктеги бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Аброськин билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч күндө Дебальцевого жакын шаарлардан миңге жакын жашоочу коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аймакта ушу тапта жарык, жылуулук, суу жана байланыш жок.

Өздөрүн "элдик республика" атап алган Донецктин жикчилдери мындан мурдараак Дебальцево шаарын курчап алганын билдиришкен. Бирок Украина бийлиги бул маалыматты тастыктай элек. Учурда аталган шаарда аткышуу уланып жатат.

XS
SM
MD
LG