Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

1-февралга карата аба ырайы


1-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5;

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;

Ош, Жалал-Абадда -1...-6, күндүз 0...5;

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;

Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15.

Бишкекте 1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8 градус, күндүз 3...5 градус болот.

XS
SM
MD
LG