Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Күрд аскерлери Кобанини согушкерлерден толугу менен бошотту


Бул тууралуу согушкерлерге каршы абадан сокку уруп жаткан бириккен аскер тобунун кол башчысы Джеймс Терри билдирди. Америкалык генералдын айтымында, күрд аскерлери авиациянын жардамы менен Кобанидеги согушкерлерди сүрүп, көзөмөлдү колдоруна алышты.

АКШнын мамкатчысы Жон Керри Кобани шаарынын согушкерлерден бошотулушун маанилүү жеңиш катары баалады.

Өткөн жылдын жай айларынан бери күрд аскерлери Кобанини "Ислам мамлекети" согушкерлеринен бошотуу үчүн күрөшүп келишкен. Кобани - Сириянын түндүгүндө Түркия менен чек аралаш жайгашкан шаар.

XS
SM
MD
LG