Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Лугансктагы атышуудан үч киши мерт кетти


Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда өткөн түнү болгон атышуулардан үч жергиликтүү жашоочу каза таап, бир нече үй талкаланды. Луганск облус губернатору Геннадий Москалдын айтымында, жикчилдер украин аскерлерине каршы танктарды колдонуп жатат. Учурда атышуулар уланууда.

Ал эми өздөрүн "элдик республика" деп жарыялап алган Донецктин өкүлдөрү болсо украин аскерлеринин чабуулунан бул аймакта үч жай тургун окко учуп, 20 киши жараат алганын айтууда. Бирок бул маалыматты украин бийлиги жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG