Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Кадыралиев кармалбашына байланыштуу айрым жетекчилер кызматтан алынды


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Издөөдөгү мурунку прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин кармалбай жатышына байланыштуу Ош облусундагы бир катар милиция жетекчилери кызматтарынан алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

- Ош облустук ИИБнин ыкчам жана сырткы кызматтарды тейлеген бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин эки орун басары министрдин буйругу менен кызматтан алынды. Андан тышкары Өзгөн райондук ИИБнин башчысы Станбек Бакиров да 29-январдагы коллегияда кызматынан бошотулган. Булардын кызматтан алынуусуна Өзгөндөгү чуулгандуу кылмыштарга жол берилгени, Канжар Кадыралиевдин качып кетүүсүнө каршы өз убагында чаралардын көрүлбөгөндүгү себеп, - деди Аширбаев.

Мындан бир ай мурда Ош облустук ИИБи Канжар Кадыралиев бир ай ичинде кармалбаса, тиешелүү жетекчилер кызматтан алынарын жарыялаган болчу.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Мындан кийин Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделүүдө. Бирок Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип келет. (YI/MTo)

XS
SM
MD
LG